Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 14-майы №110
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын №765, 767,768 контурларында жайгашкан жер тилкелерин эс алуу жайы катары ижарага берүү жөнүндө
Жергиликтүү бюджетти толуктоо жана жергиликтүү калк үчүн эс алуу аймагын уюштуруу максатында, Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысы Касымбеков Рустам Асаналиевичтин сунушун карап чыгып жана талкуулап чыгып Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагында жайгашкан №765,767,768 контурларда жайгашкан жер тилкелери айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине бекитилсин.
2. Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөт башчысына Касымбеков Рустам Асаналиевичке № 765,767,768 контурларда жайгашкан жер тилкелерин мыйзам талаптарына ылайык ижарага берүү иштерин уюштуруу тапшырылсын.
3. Ижарага берүү боюнча тиешелүү документтер даярдалып, мыйзам чегинде уюштуруу иштери жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин (https://chokmorov.gov/kg/) расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Чүй облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеӊештин жер, агрардык суроолор, архитектура, муниципалдык менчик, жол, суу (таза жана сугат суу) жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |