Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 2-июлу № 111
№386, 900,393,120 маршруттук каттамдардын тарифин жогорулатуу жөнүндө
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын Бишкек шаарына каттаган № 386, 900, 393 жана №120 маршруттук каттамдардын жол кире акысын жогорулатуу маселесин карап чыгып Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. №386 маршруттук каттамдын жол кире акысы 10 (он) сомго көтөрүлсүн.
2. №900 маршруттук каттамдын жол кире акысы 15 (он беш) сомго көтөрүлсүн.
3. №393 маршруттук каттамдын жол кире акысы 15 (он беш) сомго көтөрүлсүн.
4. №120 маршруттук каттамдын жол кире акысы 15 (он беш) сомго көтөрүлсүн.
5. Бул токтом Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин (https://chokmorov.gov/kg/) расмий веб-сайтында жарыялансын.
6. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Чүй облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеӊештин жер, агрардык суроолор, архитектура, муниципалдык менчик, жол, суу (таза жана сугат суу) жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |