Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 2-июлу № 112
Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтүлгөндүгүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу Э.Т. Аширбаевдин катышуусунда2026-жылдын 17-июнунда Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын эли менен болгон жолугушууда айылдык кеӊештин депутаты А.Т.Мирзабеков тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысына 15 (он беш) депутат ишенбестик көрсөткөнү тууралуу маселе көтөргөн. Аталган жагдайды тактоо максатында, 2026-жылдын 2-июлунда Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊешинин кезектеги сессияда Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 15 жана 16-пункттарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишеним көрсөтүү же ишенбестик билдирүү маселеси каралып, добуш берүүнүн жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтүлгөн. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. 2026-жылдын 2-июлундагы айылдык кеӊештин сессиясында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 15 жана 16–пункттарына ылайык өткөрүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтүлгөндүгү бекитилсин.
2. Ушул токтом тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин (https://chokmorov.gov/kg/) расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Чүй облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеӊештин социалдык суроолор ( аярлуу катмарлар менен иш алып баруу), билим берүү, саламаттык сактоо, дене тарбия, жаштар саясаты, экология жана укуктук тартип боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |