Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 03-июлу №83/1- XVII -29
А. Мурзалиев атындагы жалпы билим берүү мектептин атайын эсебинин «Бала бакча» бөлүмүнүн киреше жана чыгаша планын бекитүү жөнүндө
А. Мурзалиев атындагы жалпы билим берүү мектептин жетекчиси Г. Элебесованын2026-жылдын 08-июнундагы №36 кайрылуусун карап чыгып, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана финансылык-чарбалык ишмердүүлүктү тартипке келтирүү максатында, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. А. Мурзалиев атындагы жалпы билим берүү мектептин атайын эсебинин «Бала бакча» бөлүмүнүн киреше жана чыгаша планы 938 400 (тогуз жүз отуз сегиз миң төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин жана тарбиялануучулардын тамак-аш азыктарын сатып алууга гана максаттуу пайдаланылсын;
2. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономика өнүгүү бөлүмүнүн башчысына жана А. Мурзалиев атындагы жалпы билим берүү мектептин жетекчиси Г. Элебесовага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |