Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 14-августу №89/ XIХ -29
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2026-жылдын 14-июлундагы №88/XVIII-29 “Маршруттук унаалардын жол кире тарифин өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп табуу (жокко чыгаруу) жөнүндө
Жергиликтүү тургундардын маршруттук унаалардын жол кире тарифин жогорулатууга каршы жазылган кайрылуусун карап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2026-жылдын 14-июлундагы №88/XVIII-29 “Маршруттук унаалардын жол кире тарифин өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Жол кире тарифтери мурдагы бекитилген 60 (алтымыш) сом өлчөмүндө калтырылсын.
3. Норус жана Ичке-Суу айылдарынын тургундарынын кайрылуусу эске алынып, калкты ташуучу маршруттук унаалар үчүн Норус жана Ичке-Суу айылдары боюнча жол кире акысынын тарифи 60 (алтымыш) сом өлчөмүндө калтырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.Ибраимов |