Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 14-августу №90/ XIХ -29
“Ысык-Ата айыл аймагынын Ичке-Суу айылындагы О. Бөлөбалаев атындагы көчөгө асфальт басуу” долбоору боюнча Чүй облустук өнүктүрүү фондуна өтүнмө тапшырууга макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы М.А.у. Кубанычбек тегинин 2026-жылдын 10-августундагы №03-13/773 “Ысык-Ата айыл аймагынын Ичке-Суу айылындагы О. Бөлөбалаев атындагы көчөгө асфальт басуу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн Чүй облустук өнүктүрүү фондуна өтүнмө тапшырууга макулдук берүү жөнүндөгү” кайрылуусун карап чыгып, айыл аймагындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын Ичке-Суу айылындагы О. Бөлөбалаев атындагы көчөгө асфальт басуу боюнча Чүй облустук өнүктүрүү фондуна долбоор тапшырууга макулдук берилсин.
2. “Ысык-Ата айыл аймагынын Ичке-Суу айылындагы О. Бөлөбалаев атындагы көчөгө асфальт басуу” долбоору боюнча тиешелүү документтерди даярдоо жана белгиленген тартипте Чүй облустук өнүктүрүү фондуна тапшыруу Ысык-Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |