Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 14-августу №93/ XIХ -29
Ысык-Ата айыл аймагынын “Ысык-Ата” муниципиалдык ишканасына жүктөөчү (погрузчик) техникасын сатып алуу долбоорун Чүй облустук өнүктүрүү фондусуна тапшырууга макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы М. А. у. Кубанычбек тегинин 2026-жылдын 28-июлундагы №03-13/733 “Ысык-Ата айыл аймагынын “Ысык-Ата” муниципиалдык ишканасына жүктөөчү (погрузчик) техникасын сатып алуу долбоорун Чүй облустук өнүктүрүү фондусуна тапшырууга макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, айыл аймагынын ички инфраструктурасын, жол тазалоо жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын “Ысык-Ата” муниципиалдык ишканасына жүктөөчү (погрузчик) техникасын сатып алуу боюнча Чүй облустук өнүктүрүү фондусуна долбоор тапшырууга макулдук берилсин.
2. Долбоордук документтерди даярдоо, Чүй облустук өнүктүрүү фондусуна тапшыруу жана уюштуруу иштерин жүргүзүү Ысык-Ата айыл өкмөтүнө жана Ысык-Ата айыл аймагынын “Ысык-Ата” муниципиалдык ишканасына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |