Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 14-августу №94/ XIХ -29
Ысык-Ата айыл аймагынын О. Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү мектебине эмеректерди сатып алуу долбоорун Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна тапшырууга макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы М. А. у. Кубанычбек тегинин 2026-жылдын 28-июлундагы №03-13/735 “Ысык-Ата айыл аймагынын О. Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү мектебине эмеректерди сатып алуу долбоорун Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна тапшырууга макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын О. Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү мектебине эмеректерди сатып алуу боюнча Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна долбоор тапшырууга макулдук берилсин.
2. Долбоордук документтерди даярдоо, Чүй облустук өнүктүрүү фондусуна тапшыруу жана уюштуруу иштерин жүргүзүү Ысык-Ата айыл өкмөтүнө жана О. Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин директоруна жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |