Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 14-августу №95/ XIХ -29
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн киреше салыгынын эсебинен көбөйтүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 06-июлундагы №03-13/645 кайрылуусун Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү киреше салыгы боюнча планынын 7 (жети) айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 2500,0 (эки миллион беш жүз миң) сомго көбөйтүүгө макулдук берилсин;
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү 2500,0 (эки миллион беш жүз миң) сомго төмөнкү маселелерге көбөйтүүгө макулдук берилсин:
“Маданият үйү” бөлүмүнүн 2215 беренесинде жалпысынан 250,0 (эки жүз элү миң) сомго анын ичинен көчмөндөр оюну мааракесине катышууга даярдык көрүү боюнча (боз үй ижарага алуу, тамак аш даярдоо) 200,0 (эки жүз миң) сом жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын өткөрүүгө 50,0 (элү миң) сом;
“Аппарат” бөлүмүнүн 2824 беренесинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата улуттук спорт оюндарына байге катары берүүгө 100,0 (жүз миң) сом;
“Аппарат” бөлүмүнүн 2121 беренесинде 58,0 (элү сегиз миң) сомго 2025-жылдан калган эркин калдыгынан бөлүнгөн аппарат кызматкерлеринин премия төлөмү боюнча социалдык фонддун төлөмүнө;
“Аппарат” бөлүмүнүн 2211 беренесинде 70,0 (жетимиш миң) сомго аппарат кызматкерлеринин командировкалык чыгымдарына (транспорттук чыгым, жатакана чыгымы жана суткалык чыгымдарына;
“Аппарат” бөлүмүнүн 3112 беренесинде 150,0 (жүз элү миң) сомго айыл өкмөт мекемесине өрт коопсуздугу боюнча каражаттарын (пожарный щит) сатып алууга;
“Аппарат” бөлүмүнүн 2224 беренесинде 20,0 (жыйырма миң) сом акча каражатына айыл өкмөт имаратына 20 (жыйырма) тонна таш көмүрүн сатып алууга көмүрдүн баасы кескин өсүп кеткендигине байланыштуу, акча каражаты жетишпей жаткандыгына байланыштуу, 1 тонна көмүрдү 9,0 (тогуз миң) сомго сатып алууга;
“Аппарат” бөлүмүнүн 2215 беренесинде Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттарын окутуу курстарына жана семинарларына 20,0 (жыйырма миң) сом;
“ЖКХ” бөлүмүнүн 3111 беренесинде жалпысынан 1207,0 (бир миллион эки жүз жети миң) сомго көбөйтүүгө анын ичинен 245,0 (эки жүз кырк беш миң) сомго Алмалуу айылында жайгашкан маданият үйүнүн фасадын (мекеменин сырткы жасалгасын) капиталдык оңдоого жумуш ишине, 252,0 (эки жүз элү эки миң) сомго Ысык-Ата айыл аймагындагы ФАП имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө сметанын негизинде акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу жана 710,0 (жети жүз он миң) сомго Кебек-Бий айылында жайгашкан футболдук аянтын ишке киргизүү максатында жасалма килем (искуственный газон) сатып алууга ;
“Мектепке чейинки билим берүү” бөлүмүнүн 2222 беренесинде Тогуз-Булак айылындагы бала бакчасына керектүү канцелярдык, чарба буюмдарын жана керектүү каражаттарын сатып алууга 50,0 (элү миң) сом;
“Мектепке чейинки билим берүү” бөлүмүнүн 2215 беренесинде Алмалуу айылында жайгашкан бала бакчанын уставын жана печатын жасатууга 20,0 (жыйырма миң) сом;
“Мектепке чейинки билим берүү” бөлүмүнүн 2224 беренесинде 360,0 (үч жүз алтымыш миң) сом акча каражатына Алмалуу айылында жайгашкан бала бакчасына 40 тонна таш көмүр сатып алууга;
“Билим берүү” бөлүмүнүн 2224 беренесинде 195,0 (жүз токсон беш миң) сом акча каражатына Ысык-Ата айыл аймагында жайгашкан А.Мурзалиев ЖББМ, Ө.Жакишев ЖББМ, Ш.Рахманов ЖББМ жана А.Сулайманов ЖББ мектептерине 195 тонна таш көмүрүн сатып алууга көмүрдүн баасы кескин өсүп кеткендигине байланыштуу, акча каражаты жетишпей жаткандыгына байланыштуу, 1 тонна көмүрдү 9,0 (тогуз миң) сомдон сатып алууга;
3. Жогорудагылардын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономика өнүгүү бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |