Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 14-августу №96/ XIХ -29
Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылында жайгашкан бала бакчага Кыдыров Капар Кыдыровичтин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары Ж. Бейшекеев менен Э. Бердиматованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, айылдын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө зор салымын кошкон К. К. Кыдыровдун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемесине (бала бакчага) Кыдыров Капар Кыдыровичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Бала бакчага К. К. Кыдыровдун ысымын ыйгаруу боюнча тийиштүү органдарга кайрылып, мыйзамдаштыруу иштерин жүргүзүү Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |