Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 14-августу № 97/ XIХ-29
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2026-жылдын 6-февралындагы “ Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2026- жылга карата бюджетин бекитүү, Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аппаратынын жана “Маданият” бөлүмүнүн штаттык жүгүртмөлөрүн бекитүү, Ысык-Ата муниципиалдык ишканасына ыйгарым укуктагы кызматкерлерине акча каражатын которууга жана субсидия берүүгө макулдук берүү, Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана 2027-2028-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитүү жөнүндөгү” №72/XV-29 токтомуна өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 06-июлундагы №03-13/645 кайрылуусун Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын Ө.Жакишев атындагы жалпы билим берүү мектебинин терезелерине решетка коюуга каралган 300,0 (үч жүз миң) сом акча каражатын көмүр сактоого навес куруу үчүн жылдырууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагылардын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономика өнүгүү бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |