Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VI сессиясы
2026-жылдын 30-июну № 6/4
Тоголок-Молдо айыл аймагынын “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алып, Тоголок-Молдо айыл аймагынын, “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Сагыналиевдин сунушун карап, билдирүүсүн угуп жана талкуулап,айылдык Кенеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоголок-Молдо айыл аймагынын, “Ийгиликтүү аймак”муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин. /тарифдер тиркелет 3 барак/
2. Бекитилген тарифтер 30-июнь 2026-жылдан баштап күчүнө кргизилсин.
3. Тоголок-Молдо айыл аймагынын муниципалдык ишканасы бекитилген тарифтерди калкка жана юридикалык жактарга маалымдоону камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жер, архитектура, курулуш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Г. Бегимкулова |