Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 14-августу №99 /XIХ-29
Мендешова Кания Чолпоновага «Ысык-Ата айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Таш-Башат айылынын тургундарынын жана депутаттарынын “Мендешова Кания Чолпоновага «Ысык-Ата айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө” кайрылуусун карап чыгып, калктын саламаттыгын сактоодо көрсөткөн көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана айыл тургундарынын арасында ээ болгон кадыр-баркы үчүн , Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставынын 31.2-пунктусунун негизинде , Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мендешова Кания Чолпоновага Ысык-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Мендешова Кания Чолпоновага «Ардактуу атуул» деген наамды ырастаган тийиштүү күбөлүктү жана төш белгини салтанаттуу кырдаалда тапшыруу Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык кеңешинин социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |