Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026 – жылдын 29-июну № 56
2027-2029 – жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 95-беренесинин 5-пунктунун негизинде Орто-Кайыңды айыл өкмөтү сунуштаган 2027-2029 – жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун угуп, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 36,39 беренелерине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орто –Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2027-2029 –жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору төмөнкүдөй бекитилсин :
Мөөнөтү | Киреше бөлүгү | Чыгаша бөлүгү | ||
Бюджет атайын эсеп | Бюджет атайын эсеп | |||
2027 -ж | 30281,6 | 2555,0 | 30281,3 | 2555,0 |
2028 -ж | 30924,0 | 2655,0 | 30924,0 | 2655,0 |
2029-ж | 31312,0 | 2655,0 | 31312,0 | 2655,0 |
2.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджеттин узак мөөнөттүү бекитилген долбоорун аткарылышын камсыздоо тапшырылсын.
3.Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязовага жана айылдык кеңештин бюджет, каржы , экономика, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.М. Мырзагелдиев |