Редакцияот 05.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай  айылдык кеңешинин

X  чакырылышынын  кезексиз  V  сессиясы

 

2025-жылдын  5-марты  №36

 

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы селканаларды сүрдүрүү, тазалоо үчүн каражат кароо жөнүндө.

Терек – Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы селканаларды, сүрдүрүү, тазалоо үчүн каражат карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Көлбаева Махабат Нарбековнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

1. Терек – Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы селканаларды, сүрдүрүү, тазалоо үчүн 500,0 (беш жүз мин) сом акча каражаты 01.01.2025-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Суванова Тамара Тургунбаевнага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Терек – Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

                     Абибакир у. Ж