Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026 – жылдын 29-июну № 57
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл-тукум чарбаларына , айыл чарба кооперативтерине ижарага берүүгө старттык бааларынын өлчөмүн бекитүү
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн “Айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик фондтун айыл чарба жерлерин үрөнчүлүк, асыл-тукум, айыл чарба кооперативтерине ижарага берүүгө старттык бааларынын өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү” сунушун угуп, талкуулап чыгып “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 36, 39 беренелерине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондко караштуу айыл чарба жерлерин үрөнчүлүк, асыл-тукум, айыл чарба кооперативдерине ижарага берүү боюнча старттык баалары төмөнкү формула боюнча эсептөө бекитилсин:
Ижара акысы ( ИА) = К
ИА-1 гектар жер аянтын колдонуу үчүн чыккан ижара төлөмү.
ЖН –жер налогтун өлчөмү.
К – коэффициент барабар .
30 чындыгында сугарылган жер.
20 жерди сугаруу кыйын.
10 сугаруунун жоктугу.
Ижара берүүдө старттык баалар :
Ижара акысы 1 гектар сугат жерге
362х30 =10860,0 сом
-362х20 =7240,0 сом
-362 х10 =3620 сом
Жер налогу жана Соцфонд төлөмдөрү өзүнчө төлөнөт.
Ижара акысы 1 гектар кайрак жерге 67,2х 30 = 2016 сом.
Жер налогу жана Соц.фонд төлөмдөрү өзүнчө төлөнөт.
2. Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязовага жана айылдык кеңештин жер, жайыт, архитектура, курулуш, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.М. Мырзагелдиев |