Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VI сессиясы
2026-жылдын 30-июну № 6/5
Тоголок-Молдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын калк китепканасына
Сооданбекова Чүкүнайдын ысымын берүү жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургундарынын сунуштарынын негизинде маданият жана руханий мурастарды сактоо, республикада, облуста, райондо коомго жасаган алгачкы китеп окурмандарына талыкпаган көп жылдык эмгектерин баалап, СССРдин Маданият Министрлигинин “Арак Грамотасынын” ээси, Ата-Мекендик согуштагы тылда да күжүрмөн эмгектинбир нече жолку юблейлик ордендердин ээси, СССРдин “Баатыр эне” орденинин ээси Сооданбекова Чүкүнай апаны кийинки муунга жаштарга Сооданбекова Чүкүнай апанын эмгегин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык, токтом кылат:
1.Тоголок-Молдо айыл аймагынын Кара-Ой айылындагы китепканага Сооданбекова Чүкүнайдын ысымы берилсин.
2. Китепкананын расмий аталышы “ Сооданбекова Чүкүнай калк
китепканасы” деп бекитилсин.
3. Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу тиешелүү кызматтарга ушул токтомду ишке ашыруу жана тиешелүү документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
4. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Кадырбек уулуу Бексултанган жүктөлсүн.
Төрайым | Г. Бегимкулова |