Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 22-майындагы №2
“Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 18-майындагы №01-19/1915 чыгыш сандуу катын, “Талдуу-Сай” көчөсүнүн жашоочуларынын протоколун, Каныш-Кыя айылынын тургуну Алимбеков Жумабайдын уул кыздарынын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынын “Талдуу-Сай” көчөсүнүн аты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы “Кыргыз Республикасында географиялык обьектилерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндөгү ” №149 токтомунун 2-тиркемесине ылайык Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Алимбеков Жумабайдын ысымына өзгөртүлсүн.
2. Көчөгө ысымы берилген жарандын атын жазып, көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу Ж.Алимбековдун уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин. Иш алып баруу Каныш-Кыя айылынын айыл башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |