Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУЮЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 19-августу № 297
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-январындагы № 21 «Автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салууну апробациялоо жана өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндөгү билим берүү ишин жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча апробациялык режимди толук ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-январындагы № 21 «Автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салууну апробациялоо жана өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттагы «30-августуна» деген сөздөр «31-декабрына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
– 2026-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө апробациялык режимдин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн;
– 2026-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына апробациялык режимди ишке ашыруунун орто аралык натыйжаларын эске алуу менен даярдалган Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун киргизсин.».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |