Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 22-майындагы №3
“Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ишжара акысын бекитип берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 18-майындагы №01-19/1965 чыгыш сандуу катынын 3-пунктундагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижара акысынын баштапкы баасын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин базалык ставкасына теңөө максатында Каныш-Кыя айыл аймагынын жер комиссиясынын 2026-жылдын 30-мартындагы №1 протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижара акысынын баштапкы баасын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин базалык ставкасына теңөө максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 10-беренесинин негизинде ижарага берилген жер жер үчүн, жер салыгы жана ижара акы эсептелинет. Каныш-Кыя айыл аймагынын жер комиссиясынын 2026-жылдын 30-мартындагы №1 протоколунун негизинде;
- Суугат айдоо үчүн жылына 3 000 (үч миң ) сомдон;
- Кайрак айдоо үчүн жылына 1000 (миң ) сомдон;
- Чөп чабынды үчүн жылына 431 (төрт жүз отуз бир ) сомдон бекитилсин.
2. Суугат айдоо, кайрак айдоо жер алуу үчүн арыз менен кайрылган жарандарга убагында келишим түзүп жерди бөлүп берүү Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, айыл чарбасы жана көрктөндүрүү боюнча адиси Т.Мурзалиевага тапшырылсын. Ижара акыларын убагында жыйноо жагы каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |