Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 22-майындагы №4
“Жүн тытуучу аппаратты жайгаштыруу үчүн атайын имарат сатып алуу жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 18-майындагы №01-19/1965 чыгыш сандуу кайрылуусунун 9-пунктундагы айыл аймакка сатылып алынган жүн тытуучу аппаратты натыйжалуу пайдалануу, жүндү кайра иштетүү иштерин уюштуруу, жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында, атайын имарат сатып алуу боюнча карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сатылып алынган жүн тытуучу аппаратты натыйжалуу пайдалануу, жүндү кайра иштетүү иштерин уюштуруу, жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында, жайгаштырып иштетүү үчүн атайын имарат сатып алууга макулдук берилсин.
2. Сатылып алынуучу имараттын техникалык абалы, жайгашкан жери жана өндүрүш жүргүзүүгө ылайыктуулугун кароо боюнча атайын комиссия түзүлсүн.
3. Имарат сатып алуу үчүн мыйзам чегинде тиешелүү каржылоо булактарын карап, кийинки сессияга сунуштоо жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жана каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |