Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 22-майындагы №5
“Лизинг аркылуу атайын техникаларды жана айыл чарба шаймандарын сатып алуу жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 18-майындагы №01-19/1965 чыгыш сандуу кайрылуусунун 2-пунктундагы Каныш-Кыя айыл аймагына жумуштун зарылчылыгына байланыштуу эксковатор, грейдер үлгүсүндөгү атайын техникаларын лизинг аркылуу сатып алууну карап, жалпы депутаттардын айыл чарба шаймандарын кошуп сатып алуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагындагы жашап жаткан калктын жашоо шартын жакшыртуу максатында жана жумуштун зарылчылыгына байланыштуу эксковатор, грейдер үлгүсүндөгү атайын техникаларды, айыл чарба шаймандарын лизинг аркылуу сатып алууга макулдук берилсин.
2. Сатып алуу иштерин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу, техникалардын техникалык мүнөздөмөлөрүн даярдоо жана баа сунуштарын чогултуу боюнча иш алып баруу каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |