Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 22-майындагы №7
“Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 18-майындагы №01-19/1966 чыгыш сандуу кайрылуусунун 23-пунктундагы 2026-жылдын социалдык-экономикалык планына кирген Каныш-Кыя айылында курулуп жаткан борбордук комплекстүү оорукананын курулуш иштерине бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен борбордук оорукананын долбоордук сметалык документтерин мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү боюнча карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылдын социалдык-экономикалык планына кирген Каныш-Кыя айылында курулуп жаткан борбордук комплекстүү оорукананын курулуш иштерине бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен борбордук оорукананын долбоордук сметалык документтерин мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө 1 172 271 (бир миллион бир жүз жетимиш эки миң эки жүз жетимиш бир) сом акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын жумшоодо мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жана каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: | М.М.Козубаев |