Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын I чакырылышы кезексиз сессиясы
2026-жылдын 27- январы № 117
2025-жылдын 12-сентябрындагы №94 “Мин-Булак айыл аймагынын китепканаларын оптималдаштыруу жөнүндө” айылдык кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Мин-Булак айыл аймагынын кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылдын 12-сентябрындагы №94 “Мин-Булак айыл аймагынын китепканаларын оптималдаштыруу жөнүндө” айылдык кеңештин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
• 1-пункттан “Садовое айылынын айылдык китепканасы” деген сөздөр алынсын;
• 3-пунктта “Сретенка айылынын айылдык китепканасын” деген сөздөрдөн кийин “жана Садовое айылынын айылдык китепканасын” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышы үчүн жоопкерчилик Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Булазова |