Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2026-жыл 9-февралы № 118
2026-жылга Мин-Булак айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, 2026-жылдын 09-февралындагы бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана Мин-Булак айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.А.Джумалиеванын 2026-жылга Мин-Булак айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү, ошондой эле 2027–2028-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө маалыматын талкуулап, Мин-Булак айыл аймагынын кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. 2025-жыл үчүн бюджеттин жана атайын эсептин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча аткарылышы жөнүндө отчет 1-тиркемеге ылайык тактоолорду эске алуу менен бекитилсин.
2. Мин-Булак айыл өкмөтү тарабынан сунушталган 2026-жылга бюджет төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
• кирешелер боюнча – 79581,2 миң сом, атайын эсеп – 4815,6 миң сом;
• чыгашалар боюнча – 79581,2 миң сом, атайын эсеп – 4815,6 миң сом, 2-тиркемеге ылайык.
3. Эмгекти стимулдаштыруу жана социалдык колдоо максатында айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин адистерине кошумча төлөмдөр 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2026-жылга теңдөөчү гранттар 2158,9 миң сом өлчөмүндө 70921 «Орто билим берүү» бөлүмү, 2224 «Көмүр сатып алуу» беренеси боюнча бекитилсин.
5. 2027–2028-жылдарга бюджеттин болжолу бекитилсин:
• 2027-жылга кирешелер планы – 87716,8 миң сом;
• 2028-жылга кирешелер планы – 93707,8 миң сом.
6. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө түшкөн кирешелердин чегинде жүргүзүлсүн, мында биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, коммуналдык кызматтар, калкка жеңилдиктер) каржыланат.
7. Айланма-кассалык каражат 913,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Г. Булазова |