Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 22-майындагы №8
“Жер-Капчыгай айылындагы фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП) имаратын кызматтык турак жай катары пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө.”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 20-майындагы №01-19/1965 чыгыш сандуу кайрылуусунун 23-пунктундагы Жер-Капчыгай айылында жайгашкан фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП) имараты айыл борбордук ооруканага жакын жайгашкандыгына байланыштуу, учурда пайдалануу зарылчылыгы жок экендиги боюнча карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер-Капчыгай айылында жайгашкан фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП) имараты, айыл борбордук ооруканага жакын жайгашкандыгына байланыштуу, учурда пайдалануу зарылчылыгы жок экендигин эске алып, муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында имаратты кызматтык турак жай катары пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Аталган имаратты кызматтык турак жай катары пайдалануу боюнча тиешелүү документтерин мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүп, имараттын техникалык абалын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылууда мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жана каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |