Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 22-майындагы №9
“Каныш-Кыя айыл аймагынын калкын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыздоо максатында көмүр кампасын түзүүгө уруксат берүү жөнүндө.”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 20-майындагы №01-19/1965 чыгыш сандуу кайрылуусунун 8-пунктундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын калкын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыздоо максатында көмүр кампасын түзүүгө уруксат берүү боюнча карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын калкын жана социалдык обьектилерин күз-кыш мезгилинде көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында көмүр кампасын түзүүгө уруксат берилсин.
2. Көмүр базасынын ишмердүүлүгүн өрт коопсуздугун, экологиялык жана санитардык талаптардын негизинде жүргүзүүп, кампаны уюштуруу үчүн тиешелүү жер аянтын мыйзам чегинде бөлүп берүү боюнча иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жана муниципалдык менчик, жер жана турак жай боюнча башкы адиси И.Батырбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |