Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 22-майындагы №10
“Бузууга уруксат берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 20-майындагы №01-19/1965 чыгыш сандуу Коргон-Сай айылында жайгашкан К.Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски имаратын, Жаңы-Базар айылында жайгашкан Т.Жаналиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски имаратын, Каныш-Кыя айылында жайгашкан айылдык мончонун эски имаратын бузууга макулдук берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Коргон-Сай айылында жайгашкан К.Акназаров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин эски имаратын, Жаңы-Базар айылында жайгашкан Т.Жаналиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски имаратын, Каныш-Кыя айылында жайганкан айылдык мончонун эски имаратын (баардык тиешелүү документтерин тактоо менен ) бузууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуулугун карап, тиешелүү компетенттүү органдар менен биргеликте иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жана муниципалдык менчик, жер жана турак жай боюнча башкы адиси И.Батырбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |