Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 22-майындагы №11
“ Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыга 2026-жылдын 3-кварталына карата берилген пландан бүгүнкү күнгө карата ашыкча түшкөн акча каражаттарын бөлүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабеков тарабынан берилген кайрылууларды карап чыгып, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан берилген справканын негизинде карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 12
айына карата жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн жер казынасын
пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыга 2026-жылдын 3-кварталына
карата берилген пландан бүгүнкү күнгө карата ашыкча түшкөн 12 289 600 (он
эки миллион эки жүз сексен тогуз миң алты жүз) сом акча каражатынан төмөнкү
жумуштарга бөлүнсүн:
- Кара-Булак айылында жайгашкан “Нур Билим” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча алынган 15 (он беш) балага шарт түзүү үчүн керектүү инвентарларды сатып алууга 217 800 (эки жүз он жети миң сегиз жүз) сом;
- Жалал-Абад улуттук телерадио корпорациясынын кабарчысы М.Эшназаровго 2026-жылдын 16-апрелиндеги №143 сандуу келишимдин негизинде 100 000 (бир жүз миң) сом;
- “АКННД” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жасалган Т.Жаналиев атындагы негизги билим берүүчү орто мектебинин ашканасынын полун алмаштырууда сметага кирбей калган жумуштары үчүн 99 900 (токсон тогуз миң тогуз жүз) сом;
- Жаңы-Базар айылында жайгашкан №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун стационар бөлүмүнүн ашканасын оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн сметалык долбоордук документтеринин негизинде 1 063 200 (бир миллион алтымыш үч миң эки жүз) сом;
- Чакмак-Суу айылындагы жергиликтүү тургундардын айыл чарба жерлерине өткөн көпүрөнү утурумдук оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө 500 000 (беш жүз миң) сом;
- Айыл өкмөткө ар кандай иш чараларды өткөрүүдө шарт түзүү максатында керектелүүчү 2 (эки) даана биотуалет жана 10 (он) даана шотер сатып алууга 210 100 (эки жүз он миң бир жүз) сом;
- Айгыр-Жал, Кара-Суу, Кара-Булак жана Чакмак-Суу айылдарна электр мамычаларын орнотуп, керектүү тетиктерин сатып алууга 444 500 (төрт жүз кырк төрт миң беш жүз) сом;
- Коргон-Сай айылында жайгашкан “Арзуу” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине 9 (тогуз) даана жалюзи жана 140 (бир жүз кырк) даана балдар үчүн шейшеп комплектиси менен алып берүүгө 142 100 (бир жүз кырк эки миң бир жүз) сом;
- Чаткал райондук балдардын музыкалык мектебинин имаратынын чатырына краска чачууга 129 500 (бир жүз жыйырма тогуз миң беш жүз) сом;
- Жаңы-Базар айылында салынып жаткан оорукананын имаратын курууда иштеп жаткан усталардын тамак-ашы үчүн 60 000 (алтымыш миң) сом;
- Айыл аймактын тургундарынын саламаттыгын текшерүү максатында келе турган “Мерси Мед” клиникасынын врачтарынын жатакана, тамак-ашы үчүн 173 400 (бир жүз жетимиш үч миң төрт жүз) сом;
- Чаткал районунун 90-жылдык мааракесинин ачылыш аземинде ат үстүндө оюндарды көрсөтүүгө Бишкек шаарынан келе турган балдардын эмгек акысына 300 000 (үч жүз миң) сом;
Жалпы 3 440 500 (үч миллион төрт жүз кырк миң беш жүз) сом акча каражаты.
2. Акча каражатын төмөнкү жумуштарга жумшоодо мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жана каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |