Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 22-майындагы №12
“Коргон-Сай айылынын тургуну Айдаралиев Канайбекке акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 20-майындагы №01-19/1964 чыгыш сандуу Коргон-Сай айылынын тургуну Айдаралиев Канайбектин жашап жаткан үй өрттөнүп кеткендиктен жардам катары тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине соц пакет катары которулган акча каражатынан Коргон-Сай айылынын тургуну Айдаралиев Канайбектин жашап жаткан үйү өрттөнүп кеткендигине байланыштуу жардам берүү максатында 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын берүүдө мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жана каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |