Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 22-майындагы №13
“Айыл чарба багытындагы жерлерди (жайыттарды) башка категорияга (трансформациялоо) жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 20-майындагы №1261/1 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, жер мыйзамдарына жана тиешелүү ченемдик актыларына ылайык туризмди, спорттук инфраструктураны жана өндүрүш тармагын өнүктүрүү максатында жер тилкелеринин котегорясын өзгөртүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 04-ноябрындагы №665 токтомуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүнө караштуу төмөнкү жер тилкелери “Айыл чарба багытындагы жерлер” (жайыт жерлери) категориясынан “Өнөр жайынын, транспортунун, байланыштын, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категорясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
· Ак-Таш айылынын Беш-Салаа участкасынан туризм тармагын өнүктүрүү максатында лыжалык (эс алуу) базасын куруу үчүн суралып жаткан 11,57 га жер аянты;
· Жаңы-Базар айылына спорт комплексин куруу үчүн суралып жаткан 0,80га жер аянты;
· Кайың-Суу айылынын Чуңкурчак участкасына таш талкалоочу жай куруу үчүн суралып жаткан 1,38 га жер аянты.
2. Жер тилкелерин трансформациялоо боюнча материалдар белгиленген тартипте даярдалып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кароого жана макулдашууга жөнөтүлсүн.
3. Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жана муниципалдык менчик, жер жана турак жай боюнча башкы адиси И.Батырбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |