Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылдын 30-апрелиндеги №1
“Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 29-апрелиндеги №01-19/1683 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын бекитип берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставы бекитилсин.
2. Бекитилген Устав мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |