Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылдын 30-апрелиндеги №2
“Боз үйлөрдү сатып алууну Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 24-апрелиндеги №01-19/1599 чыгыш сандуу Чаткал районунун 90 жылдыгына жана Республикалык, облустук деңгээлде өткөрүлүүчү майрам, көргөзмө сыяктуу иш-чараларды өткөрүүдө мобилдүүлүгүн жана ыңгайлуулугун түзүү максатында боз үй сатып алууга жалпы баасы 6 493 600 (алты миллион төрт жүз токсон үч миң алты жүз) сом акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштап берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районунун 90 жылдыгына Республикалык, облустук деңгээлде өткөрүлүүчү майрам, көргөзмө сыяктуу иш-чараларды өткөрүүгө мобилдүүлүктү жана ыңгайлуулукту түзүү максатында боз үй сатып алуу үчүн жалпы баасы 6 493 600 (алты миллион төрт жүз токсон үч миң алты жүз) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |