Редакцияот 26.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай  айылдык кеңешинин

X  чакырылышынын  кезексиз  VI  сессиясы

 

2025-жылдын 26-мартындагы   №38

 

Участкалык шайлоо комиссияларынын резерв мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык кайрадан түзүлгөн Терек-Сай айыл аймагына караштуу участкалык шайлоо комиссияларынын резерв мүчөлөрүн бекитип берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исраиловдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык кайрадан түзүлгөн Терек-Сай айыл аймагына караштуу участкалык шайлоо комиссияларынын резерв мүчөлөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Көлбаевага милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Терек – Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

                     Абибакир у. Ж