Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылдын 30-апрелиндеги №3
“Манипулятор SHACMAN F3000 үлгүсүндөгү техниканы сатып алууну Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 30-апрелиндеги №01-19/1722 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтү өзүнүн кызматтык жана өндүрүштүк ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз жана натыйжалуу жүргүзүү максатында материалдык-техникалык базасын чыңдоо зарылдыгын келип чыккандыктан мекеменин ишмердүүлүгүн жакшыртуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана чарбалык иштерди өз убагында аткаруу максатында манипулятор техникасын сатып алуу зарыл болгондуктан манипулятор техникасын сатып алуу үчүн 5 863 440 (беш миллион сегиз жүз алтымыш үч миң төрт жүз кырк) сом акча каражатын Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна сунуштап берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтү өзүнүн кызматтык жана өндүрүштүк ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз жана натыйжалуу жүргүзүү максатында материалдык-техникалык базасын чыңдоо зарылдыгын келип чыккандыктан мекеменин ишмердүүлүгүн жакшыртуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана чарбалык иштерди өз убагында аткаруу максатында манипулятор техникасын сатып алуу үчүн 5 863 440 (беш миллион сегиз жүз алтымыш үч миң төрт жүз кырк) сом акча каражаты Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Өздүк салым катары 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык
кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |