Редакцияот 26.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай  айылдык кеңешинин

X  чакырылышынын  кезексиз  VI  сессиясы

 

2025-жылдын  26-мартындагы  №41

 

Жалал-Абад шаарында өтүүчү чемпионатка барып келүүгө каражат карап берүү жөнүндө

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылындагы спорт залдын жетекчиси Ж.Ташболотовдун Жалал-Абад шаарында кыздар арасында өтүүчү волейбол боюнча чемпионаткар барып келүүгө каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     

1. Жалал-Абад шаарында кыздар арасында өтүүчү волейбол боюнча чемпионатка барып келүүгө 25 000 (жыйырма беш мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Терек – Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

                     Абибакир у. Ж