Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-декабры № 41
Республикалык бюджеттен түшкөн максаттуу трансфертти бөлүштүрүү
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55- беренесине ылайык Орто – Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине түшкөн 3580,8 миң сом максаттуу трансфертти бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн СЭӨБ башчысы Э.М.Машланованын сунушун угуп, талкуулап чыгып Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Орто-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине түшкөн 3580,8 м.с. ( үч миллион беш жүз сексен миң сегиз жүз ) сом акча каражаты тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн .
2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн СЭӨБнүн башчысы Э.М. Машлановага тапшырылсын .
3.Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязовага жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |