Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 42
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун жана 2026-жылдын бюджетин бекитүү
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 34 - беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн СЭӨБ башчысы Машланова Э.Мнын 2025-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетү жана 2025-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше жагы 28624,6 миң сом , чыгаша жагы 36282,0 миң сом , анын ичинен атайын эсебиндеги суммасы 2286,3 миң сомго аткарылышы жөнүндө отчету маалыматка алынсын.
2.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 31238,8 миң сом , атайын счеттун каражаты 2405,0 миң сом, жалпы киреше бөлүгү 33643,8 миң сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын чыгаша бөлүгү 33643,8 миң сомго № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.2026-жылдын 1-январына карата бюджеттин эркин калдыгы 4051,2 миң сом, атайын эсеп мамлекеттик кызмат бөлүмү 250,0 миң сом, атайын эсеп бала-бакча бөлүмү 117,0 миң сом № 3, № 4 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
5.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин жана Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин муниципалдык кызматчысынын ишин стимулдаштыруу максатында эмгек акыга кошумча үстөк пайыз № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Жыл ичинде бюджеттик каражаттарды айыл өкмөтүнүн башчысына керектүү колдонууга жана кайра бөлүштүрүгө айылдык кеңештин макулдашусу менен жүргүзүлсүн.
7.Ушул токтомдун аткарылышын жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу СЭӨБ башчысы Э.М. Машлановага жүктөлөт.
8.Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязовага жана бюджет, каржы , экономика, салык жана муниципалдык менчик боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |