Редакцияот 18.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 18-декабырындагы №1

 

“Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө”

 

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 06-декабрындагы №01-25/330 буйругуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын Регламентин бекитүү боюнча депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 06-декабрындагы №01-25/330 буйругуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын Регламентин бекитилсин.

 

  1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы, төраганын орун басары, туруктуу комиссиялары, депутаттары жана жооптуу катчысы бекитилген Регламенттин негизинде иш алып барсын.

 

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам, бекитилген Регламенттин негизинде иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге жана жооптуу катчы Н.Таласбаевага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

М.М.Козубаев