Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №56
Ю.А.Гагарин атындагы мектепке катуу эмеректерди алып берүүгө жана директордун кабинетин капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ю.А.Гагарин атындагы мектепке катуу эмеректерди алып берүүгө жана директордун кабинетин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн каражат карап берүү жөнүндөгү аталган мектептин жетекчиси У.Исматованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ю.А.Гагарин атындагы мектепке катуу эмеректерди алып берүүгө 360 335 (үч жүз алтымыш мин үч жүз отуз беш ) сом жана директордун кабинетин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 285 872 (эки жүз сексен беш мин сегиз жүз жетимиш эки) сом пландан ашыкча аткарылган акча каражатынын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|