Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 43
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2025-жылга социалдык - экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматы жана 2026-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 - беренесинин 2- пунктуна ылайык айыл өкмөтүнүн СЭӨБнүн башчысы Э.М.Машланованын2025-жылдын социалдык экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана айыл өкмөтүнүн 2026-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын талкуулап чыгып Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы маалыматка алынсын.
2.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2026-жылга сунушталган социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасы толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен кезектеги сессияда каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, каржы , экономика, салык жана муниципалдык менчик боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |