Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 44
Орто-Кайыңды айыл аймагында көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө “ Мыйзамынын 8 – беренесине , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “ Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” № 502 -токтомуна жана Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Орто-Кайыңды айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Баязовага жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |