Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 45
Орто-Кайыңды айыл аймагынын Аксакалдар сотторунун Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө, ” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 155 токтомунун 1-тиркемесинин 21-пунктунун 4-пуктчасына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 - беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Орто-Кайыңды айыл аймагынын аксакалдар сотторунун Регламенти № 1 тиркемеге жана аксакалдар сотторунун курамы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин .
2.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Баязовага аксакалдар соттун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жүктөлсүн.
2.Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |