Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 46
Жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт жыйымын бекитүү жөнүндө
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнө караштуу “Демилге” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Д. Досмамбетовтун 2026 –жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт жыйымын жана жайыттарды пайдалануу боюнча ар жылдык планын бекитип берүү маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21– беренесинин 2,3 - пункттарын негизге алып Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат ;
1. Төмөнкүлөр бекитилсин :
1) Орто- Кайыңды айыл аймагынын 2026- жылга жайыттарды пайдалануу боюнча ар жылдык планы тиркемеге ылайык ;
2) Жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт жыйымы ар-жылдык пландын негизинде малдын башына төмөнкү өлчөмдө;
- Бодо мал жана жылкылар жаш малы ( торпоктор,тайлар ) 1 башына 70 сом
- Чоң бодо мал жана жылкылар 1 башына 100 сом
- Майда мүйүздүү мал (кой жана эчки) 1 башына 20 сом
3) Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн жыйымдын наркы 1-гектарга 42 000 миң сом, Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт пайдалануунун сезондук мүнөзүнө байланыштуу жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн наркы 1 гектарга 21 000 миң сом.
2. Ушул токтомду аткаруу жана ар жылдык пландын негизинде иш алып баруу “Демилге“ муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Д. Досмамбетовго жүктөлөт.
3.Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Баязовага жүктөлсүн
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |