Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 48
Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын “ Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө “ Мыйзамынын , Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14- октябрындагы “ Маркумдуу узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу “ № 296 - ПЖ жана Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 - беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Орто-Кайыңды айыл аймагында каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин
2.Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин жер, жайыт , архитектура, курулуш, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Нуржановго жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |