Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-апрели № 49
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2026-жылга социалдык экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 34 – беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2026-жылга сунушталган социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасын талкуулап чыгып Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2026-жылга сунушталган социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Орто - Кайыңды айыл өкмөтү 2026 - жылга социалдык - экономикалык өнүктүрүү программасын аткарууну камсыз кылуу боюнча баардык иш-чараларды аткарып, ар-бир жарым жылдын жыйынтыгы менен айылдык кеңешке маалымат берсин
3.Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязовага жана айылдык кеңештин бюджет, каржы ,экономика, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |