Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-апрели № 50
Айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ата-энелердин тамак-аш төлөмдөрүн бекитүү
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн СЭӨБнүн башчысы Э.М.Машланованын Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнө караштуу айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ата-энелердин жыйындарынын чечимдеринин негизинде тамак-аш төлөмдөрүн жогорулатуу боюнча маалыматын угуп жана баардык азык түлүккө баа көтөрүлгөндүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 34 - беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Орто-Кайыңды айыл аймагынын Вознесеновка айылындагы “Ширин-Бөбөк ”, Кубат Жуматаев ЖББМнин балдар бакчасында, Кум-Арык айылындагы “ Таалимтай ”, Букара айылындагы “ Күн-Балдары” мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 2026-жылдын 1-апрелинен баштап ата-энелердин тамак-аш күнүмдүк төлөмү 100 ( жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине уюштурулган тамак-аштын сапатын көзөмөлдөө жана ата-энелердин төлөмдөрүн максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу жүктөлөт.
3. Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |