Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 24-июлу № 13-82
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 22-январындагы № 13-7 “Энергиянын кайра
жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө” буйругун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жобонун 15-пунктун жетекчиликке алып буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 22-январындагы № 13-7 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө” буйругун күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Пресс-катчысы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү бөлүмү белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы көчүрмөлөрүн, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, жарыяланган булагы көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйруктун көчүрмөсүн күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыялангандан күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары С.С.Садыракуновго жүктөлсүн.
Министрдин м.у.а., Министрдин биринчи орун басары |
|
Ө.Ж. Жеңишбеков |