Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-апрели № 52
Орто-Кайыңды айыл аймагында таштандыларды чыгаруу боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнө караштуу “ Демилге” муниципалдык ишканасынын айыл аймагында таштандыларды чыгарууну уюштуруу жана алардын тарифтерин бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин “ Кыргыз Республикасынын аймагында тиричиликтин каттуу калдыктарын жыйноо, ташуу жана жайгаштыруу боюнча тейлөө кызматынын тарифин эсептөө Методикасын бекитүү” тууралуу 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 202– буйругун жетечилике алып , Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 34 - беренесинин 2-бөлүгүнүн 11–пунктуна ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Орто-Кайыңды айыл аймагында “ Демилге” муниципалдык ишканасынын айыл аймактагы таштандыларды чыгаруу боюнча тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин. 2. Орто-Кайыңды айыл аймагында таштандыларды өз убагында чыгарууну уюштуруу, таштандыларды чыгаруу боюнча бекитилген тарифтин негизинде төлөмдөрдү өз убагында чогултуу “ Демилге” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Д.Досмамбетовго жүктөлөт.
3. Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязовага жана айылдык кеңештин бюджет, каржы ,экономика, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |
Тиркеме
Орто-Кайыңды айылдык
кеңешинин 2026-жылдын
6-апрелиндеги № 52
токтому менен бекитилген
Калдыктарды жайгаштыруу , чогултуу,чыгаруу кызматтарына баалардын прейскуранты
№ | Кызматтын аталышы | Өлчөө бирдиги | Сом |
1 | Кызматтын баасы айына, салык эске алынбаганда | 1 кг | 2
|
2 | Кызматтын баасы айына, салык эске алынбаганда | 1 кожолука 1 айда |
150
|
3 | Юридикалык жактар жана коммерциялык жактар үчүн кызматтын баасы айына ,салык эске алынбаганда |
1 жумушчуга |
9 |
4
| Юридикалык жактар жана коммерциялык жактар үчүн кызматтын баасы айына ,салык эске алынбаганда | Жалпы аянты 1 м2 | 10 |
Башкы бухгалтер Б.К. Космосаалыев