Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-апрели № 53
Орто-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү
жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 10-февралындагы жалпы элдик жыйында талкууланган жергиликтүү жааматтын Уставы менен таанышып жана талкуулап чыгып Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орто-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Устав белгиленген тартипте каттодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Баязовага жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |